Манасчы Улуттук тарых музейине Гиннесс рекордун тастыктаган сертификатын тапшырды

Исаков Бурса шаарында өткөн "Манас жумалыгында" эпосту 124 саат айтып, Гиннесстин рекорддор китебине кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Манасчы Рысбай Исаков Улуттук тарых музейине Гиннесстин рекорддор китебине катталганын тастыктаган сертификатын тапшырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
1 / 2

Манасчы Рысбай Исаков Улуттук тарых музейине Гиннесстин рекорддор китебине катталганын тастыктаган сертификатын тапшырды

2 / 2

Иш-чара бүгүн, 2-декабрда, өтүп, ага маданият министри Алтынбек Максутов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер катышты.

Иш-чара бүгүн, 2-декабрда, өтүп, ага маданият министри Алтынбек Максутов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер катышты.
Рысбай Исаков IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бурса шаарында (Түркия) өтүп жаткан "Манас жумалыгы" аттуу иш-чарада эпосту 124 саат айткан
Рысбай Исаков IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бурса шаарында (Түркия) өтүп жаткан "Манас жумалыгы" аттуу иш-чарада эпосту 124 саат айткан. Сентябрь айында Гиннесс рекорддор китебинин Түркия жана Борбор Азиядагы өкүлдөрү Исаковго рекорд койгондугу боюнча сертификат тапшырган.
Садыр Жапаров манасчыны 1-декабрда Гиннесстин рекорддор китебине кириши менен куттуктаган.
Миң орундуу "Манас" театры ишке кирет. Президент Рысбай Исаков менен жолукту