Кыргызстанда үч жылга аркар, эчки жана карышкырга аңчылык кылууга тыюу салынат

Министрлик эреже киргизилгенден кийин деңиз деңгээлинен 2 000 метрден жогору жерде ок атуучу курал алып жүрүү мыйзамсыз болорун эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 2023-2026-жылдардын аралыгында жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салынат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметов соцтармактан билдирди.
Анын айтымында, алдыдагы үч жылда Марко Поло, тоо аркары, тоо эчкиси, элик, каман, улар жана карышкыр атууга тыюу салуу пландаштырылууда.
"Браконьерлик фактылардан улам тизмеге карышкыр менен чөө да кошулду. Бул тыюу ишке киргенден тарта деңиз деңгээлинен эки миң метрден жогору жерде ок атуучу курал менен жүрүү мыйзамсыз болот", — деген Маметов.
Учурда демилгени ишке ашыруу үчүн министрлик Жогорку Кеңеш жана башка уюмдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүүдө.
Радио
Мадиев: илбирс аткандар 1,5 млн. сом айып төлөйт