Соцфонддун төрагасы 2023-жылы пенсияны 8 пайызга көбөйтүүгө убада берди

Кыргызстанда учурда 735 миң пенсионер жашайт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 2023-жылдын 1-октябрында пенсиянын өлчөмүн сегиз пайызга көтөрүү пландалууда. Бул туурасында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев парламентте "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" тобунун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда жыл сайын 40 миң адам пенсияга чыгат.
"Кийинки жылдын 1-октябрынан сегиз пайызга көтөрөбүз деп пландап, 1 миллиард 480 миллион сом карап жатабыз. 2023-жылы бизге республикалык бюджеттен 41 миллиард бөлүнөт, өзүбүз 51 миллиард сом чогултабыз", — деди Алиев.
Белгилей кесек, Кыргызстанда 735 миң пенсионер жашайт.
Акылбек Жапаров: 2023-жылы пенсияны жашоо минимумуна жеткире албайбыз