ДССУ: дүйнөдө 40 миллиондой бала кызамыкка каршы эмделбей калган

Мындай абал коронавирус пандемиясына байланыштуу жаралган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эмдөөнү жандантуу зарылдыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Коронавирус пандемиясынан кийин дүйнө жүзүндөгү балдар арасында кызамык оорусу күч алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги ДССУ менен АКШнын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун биргелешкен докладына таянуу менен жазды.
Маалыматта айтылгандай, COVID-19 пандемиясы башталгандан тартып дүйнөдө балдарды кызамыкка каршы эмдөө кескин солгундап кеткен. 2020-жылы дээрлик 40 миллион бөбөк аталган ооруга каршы вакцина алган эмес.
"2021-жылы дүйнөдө кызамык менен ооруган 9 миллион учур катталып, анын ичинен 128 миңи каза болгон. 22 өлкөдө оору жайылып, абал курчуган. Коронавирус пандемиясына байланыштуу миллиондогон балдар айрым учурда өлүмгө жеткирчү, коркунучтуу илдет болгон кызамыкка каршы эмделбей калды", — деп жазылат маалыматта.
ДССУ дүйнө коомчулугуна кызамыкка каршы эмдөөнү кайра талаптагыдай жандантуу зарылдыгын эскерткен. Акыркы эки жыл ичинде эмдөө албай калган балдарга вакцина саюу маселеси башкы орунда тургандыгын белгилеген.
Пандемия 10 миллиондон ашык баланы ата-энесинен ажыратты