Кабинет чуусу: Жогорку Кеңеш иш башкаруучунун орун басарын кызматтан алууну чечти

Элмира Үсөнова депутатты кабинеттен чыгаруу буйругуна кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун кабинетинен чыгарылышы тууралуу түзүлгөн парламенттик комиссия корутунду чыгарды.
Натыйжада мыйзам бузуу болгону аныкталып, президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы иштен алууну сунуштады.
Комиссиянын төрайымы Гуля Кожокулова комиссиянын корутундусун парламент жактырып, Үсөнованы кызматтан кетирүүнү министрлер кабинетине сунуштаганын билдирди.

"Бул иш боюнча Өмүрбек Бакиров башкы прокуратурага арыз жазды. Кылмыш иши козголуп, иликтенип жатат. Себеби депутат же жардамчылары жокто эшигин бузуп кирип буюмдарын алып чыккан. Анын ичинен кызматтык, купуя документтер болгон. Бул түздөн-түз мыйзам бузуу болуп саналат", — деди Кожокулова.

Ал эми комиссияда Бакировго кабинетти кайтаруу же башкасын берүү маселеси каралбаганын белгиледи. Кожокулова бул маселени спикер чечип бериши керектигин айтты.
Эскерте кетсек, 23-ноябрда Өмүрбек Бакиров аны 18-ноябрда кабинетинен чыгарып салганын айтып, ошондон бери көчөдө жүргөнүн билдирген. Анын айтымында, жардамчылары түшкү тамактанууга кеткен учурда кабинетине мөөр басып кетишкен.
Андан мурун эл өкүлү Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган.
Андан соң парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан.
Президенттин иш башкармалыгы Бакиров кабинетинен оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу чыгарылганын билдирген.
Өмүрзаков: кабинеттен чыгарууга жогору жактан буйрук бергендерге чара көрүлсүн