Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЦРУнун экс-жетекчиси: Украинадагы жаңжал сүйлөшүү менен бүтөт

Азырынча Владимир Путин да, Владимир Зеленский да сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр эместиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Украинадагы конфликт сүйлөшүү жолу менен соңуна чыгат, бирок тараптар азырынча буга даяр эмес. Мындай пикирин АКШнын Борбордук чалгын кызматынын (ЦРУ) мурунку жетекчиси Дэвид Петреус билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украинадагы согуш сүйлөшүү жолу менен бүтөт. Ал өзүнө согуштук аракеттердин баарынын токтотулушун камтышы керек, Россиянын Украинанын инфраструктурасына жасалган чабуулу да токтошу зарыл", — деди генерал Украинадагы жаңжал качан аяктайт жана Россия эл аралык коомчулуктагы ордун качан кайтарат деген суроолорго жооп берип жатып.
Бирок, анын айтымында, азыр Владимир Путин да, Владимир Зеленский да сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр эмес.
Петреус, мындан тышкары, качандыр бир кезде, "балким бир нече ай же жылдан кийин" Россия Украинада өтө чоң жоготууга дуушар болгонун түшүнөт, мында кеп экономикалык, финансылык жана жеке санкциялар, ошондой эле эскпортко тыюу тууралуу экенин белгиледи. Анын айтымында, ушундан соң Маршаллдын планына окшош план ишке ашырылат.
"Бул убакыт келгенде АКШ, ЕБ жана Улуу Британия жана башка мамлекеттердин лидерлери Украина жана Россия менен абалдан чыгуу жолдорун издей башташат. Ага чейин АКШ, НАТО жана Батыштагы өнөктөштөр Украинага өлкөсүн бошотуусу үчүн шарт түзүп, россиялык ракета менен ирандык учкучсуз аппараттардын чабуулунан коргошу керек. Буга катар экономикасынын көп жабыр тартпашына аракет кылуу зарыл", — деди Петреус.
Россия Украинада атайын операциясын 24-февралда баштаган. Өлкө президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан кыргынга жана кордукка дуушар болгон элди коргоо" экенин айткан. Анын айтымында, бул үчүн "Украинаны денацификациялап", Донбасттын "жай тургундарына каршы кандуу кылмышка" жоопкерлерди сот жообуна тартуу пландаштырылууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ашынган мыйзамсыздыкты калкалоо. Небензя ЕБдин "Украина боюнча трибуналы" тууралуу