Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: НАТО Украинадагы конфликтиге түздөн-түз катышууда

Министрдин айтымында, АКШ НАТОну мындан ары өнүктүрүүдө русофобиялык, керек болсо расисттик көз караш үстөмдүк кылган Польша менен Прибалтика өлкөлөрүнө басым жасайт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. АКШ менен НАТО Украинадагы конфликтиге түздөн-түз катышууда. Бул тууралуу Россия ТИМинин тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
"Согушка Америка менен Түндүк атлантикалык альянс катышкан жок деп айтуунун кереги жок, силер түздөн-түз катышып жатасыңар. Курал-жарак жеткирип эле эмес кадрлар да даярдалууда. Силер өз аймагыңарда, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка мамлекеттерде аскерлерди даярдап жатасыңар", — деди министр бейшемби күнкү брифингде Россияны күнөөлөгөн суроолорго жооп берип жатып.
Ал НАТО кансыз согушка кайтканын, башкача айтканда, орустарды Европадан сырт калтырып, америкалыктарды Европанын чордонуна койгонун белгилеп, бүгүнкү күндө АКШ Европа биримдигин толугу менен тескеп жатканын кошумчалады.
"НАТО кантип түзүлгөнүн унута элекпиз: альянстын биринчи башкы катчысы Исмей мырза иштеп чыккан "орустарды Европадан тыш, америкалыктарды ичинде калтырып, ал эми немецтерди катуу көзөмөлгө алуу" формуласы эсибизде. Учурда болуп жаткан нерселер НАТОнун 70 жыл мурун иштелип чыккан концептуалдык артыкчылыктарга кайтып жатканын айгинелейт", — деди Лавров.
Анын айтымында, АКШ НАТОну мындан ары өнүктүрүүдө русофобиялык, керек болсо расисттик көз караш үстөмдүк кылган Польша менен Прибалтика өлкөлөрүнө басым жасайт.
Лавров атайын операция башталганга чейин эле Польшада үч деңиз концепциясы ишке ашырыла баштаганын, демилге Блинкенге аябай жакканын белгиледи.
"Энтони Блинкендин сөзү НАТОдо ким кожоюн экенин көрсөттү. Үч деңиз идеясы — Кара деңизден баштап Балтика деңизине чейин Россияга каршы кордон түзүү — Польшага таандык. Аны прибалттар колдоого алып, жалпы жонунан концепция Польшанын кайра жаралуусу катары пайдаланылмакчы", — деди министр.
Ал, мындан тышкары, Россия менен Батыштын ортосундагы мамиле мурункудай болбой турганына да токтолду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия АКШ менен диалогго барышы мүмкүнбү? Лавров шарттарын айтты