Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына кабылгандардын саны 12 миңден ашты

Республикалык СПИД борбору өлкөдө бул илдеттин жайылып баратканын маалымдады.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 1-ноябрга карата ВИЧ инфекциясына кабылып расмий каттоодон өткөндөрдүн саны 12 039га жетти. Анын ичинен 11 344ү кыргызстандык болсо, калганы чет элдик жарандар.
Республикалык СПИД борборунун маалыматы боюнча, мындай көрсөткүч өлкөдө оорунун жайылып баратканынан кабар берет. Быйылкы жылдын эсебинен ВИЧ инфекциясына 819 адам чалдыгып, алардын 55 пайызы ооруну жыныстык жол аркылуу жуктуруп алганы такталган.
Маалыматта соңку 5 жылда дарттын жыныстык жол менен жуккан учуру көбөйгөнү айтылат.
1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү.
Саламаттык сактоо министрлиги Россиядан көчүп жүрүүчү эки комплекс алды. Сүрөт