Чолпон Султанбекова Медер Алиевдин ордуна комитет төрайымы болду

Анын талапкерлигин "Ишеним" фракциясы көрсөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Чолпон Султанбекова Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрайымы болуп шайланды.
Анын талапкерлигин "Ишеним" фракциясы көрсөткөн. Андан башка талапкер сунушталган жок.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 82 депутат макул, экөө каршы добуш берди.
Султанбекова Медер Алиевдин ордуна келди. Ал буга чейин Эл аралык иштер комитетинин төрагасынын орун басары болуп турган.
Алиев кечээ Кемпир-Абад маселесинен улам комитет төрагалыгынан кеткен болчу.
Улан Примов Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп шайланды