БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековго ачылган кылмыш ишинин чоо-жайына кызыкты.
Эл өкүлү парламенттин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.
"Мурдагы президенттин иниси Асылбек Жээнбековго, анын чөнтөктөш, табакташ досу Төрөбай Зулпукаровго иш козголуп түрмөдө отуруп чыгышты. Ушул убакка чейин эч кандай жыйынтык жок, булар камалабы же жеген акчасын өкмөткө төгөбү? Ушул маселени элге айтып койбойсузбу. Эмне "кар жаады, из басылды" болуп, биздин чоңдор менен куда-сөөк болгондон кийин унутулуп калабы? Ушул жагын карап койбойлубу", — деди Токторбаев.
Эске салсак, экс-депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров өткөн жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган.
2021-жылдын ноябрь айынын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттен эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Бирок депутаттар сунуштан баш тартып, абактан чыгаруу чечимин кабыл алган. Натыйжада 9-декабрда тергөө абагынан бошотулушкан.
Андан көп өтпөй эле Асылбек Жээнбеков министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун уулуна кызын берип, куда болушканы белгилүү болду.