Эсеп палатасы: дебитордук карыздардын 70%ы өндүрүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Эсеп палатасынын текшерүүлөрүнөн кийин бүгүнкү күндө финансылык мыйзам бузуулардын жалпы суммасынан 19 миллиард 704,2 миллион сомун калыбына келтирген. Бул тууралуу КРдин Эсеп палатасынын башчысы Алмазбек Акматов билдирди.
Баш-аягы 28 миллиард 41,0 миллион сомдук финансылык мыйзам бузуу өндүрүлүүгө тийиш болгон.
"Калыбына келтирүүгө тийиштүү болгон жалпы сумманын 17 миллиард 132,9 миллион сому 2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган. Ал эми 2 миллиард 383,7 миллион сом Бишкек мэриясынын 2019-2020-жылдарга аудитинин жыйынтыгы менен аныкталган дебитордук карыздар" — деди Алмазбек Акматов.
Калыбына келтирилген сумма дебитордук карыздын 70 пайызын түзөт.
Президенттик администрация: ипотекага берилчү үйлөр курула баштады. Эскиз