БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкектеги №67 мектепте окуучулар менен мугалимдер эвакуацияланды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, мектептин электрондук дарегине окуу жайга мина коюлганы тууралуу кат келген.
"Мектеп администрациясы дароо милицияга кабарлаган. Тартип сакчылары окуу жайга келип, имараттын ичиндегилерди сыртка чыгарып, изилдөө иштерин баштады", — деп айтылат билдирүүдө.