Акаев: Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн, унаасынан жашыруун камералар табылды

Депутаттын мурда жабылган кылмыш ишин жандантууга аракет жасалып жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан жашыруун камералар табылды. Бул тууралуу "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев парламентте билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев
Ал 26-ноябрда фракциянын эки депутатынын айланасында болгон окуя боюнча комментарий берип, Жамгырчиевдин чет өлкөгө чыгышына тыюу салынганын айтты.
"Эмил Жамгырчиевди Казакстанга чыгып баратканда Конституцияны бузуу менен күч органдары кармап, Бишкек шаарына жеткирген. Анын чет өлкөгө чыгууга болгон укугу бузулду. Жогорку Кеңештин депутатын күч органдары кармап "тиги жакка эмес, бул жакка басасың" дегени мыйзамсыз. Муну Кемпир-Абад маселесинде Жамгырчиев каршы добуш бергени менен түздөн-түз байланыштырабыз", — деди Акаев.
Депутат, мындан сырткары, 2018-жылы Жамгырчиевге иш козголуп, кийин райондук, шаардык жана Жогорку Соттон дагы акталганын белгиледи.
"Ошого карабастан азыр ал ишти кайра жандандыруу аракети болуп жатат. Эң негизгиси кечээ Жамгырчиевдин унаасынан да, үйүнөн да үн, видео жаздыруучу аппараттар табылган. Депутат берген добушу үчүн жооп бербейт, ал Конституцияда дагы, ЖК регламентинде дагы так жазылган. Бул окуя тууралуу күч органдары мага жана төрагага маалымат берсин", — деди эл өкүлү.
Өз кезегинде спикер Нурланбек Шакиев күч органдары менен байланышканда депутатты кылмыш иши боюнча гана суракка алганын, мыйзам бузуу болбогонун айтышканын билдирди. Бул ишти өзү көзөмөлдөп жатканын кошумчалады.
Кемпир-Абад себеп болду. Медер Алиев ЖКдагы комитет төрагалыгынан кетти