Бишкекте биринчи Элдик курултай болуп өттү. Атайын шайланган делегаттардан тышкары ага өлкөнүн биринчи адамдары да катышты. Эксперттер Элдик курултайдын ролу жана башкаруунун жаңыдан пайда болуп келе жаткан формациясы тууралуу айтып беришти.
"Түз байланыш" сыяктуу
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев делегаттардын сөзү жана бир топ эле ачык айтылган сындар президент үчүн пайдалуу болду деген пикирде.
"Менин билишимче, өлкө башчылар тактыга отургандан бир жылдан кийин эле 20 чактыдай кишини чогултуп баарлаша берет, башкаларга убактысы дээрлик жок. Ал эми Куралтайда президент баарын өзү отуруп укту. Ачык сүйлөшүү болду, аппараты даярдап бергенге караганда көбүрөөк маалымат алды, анын үстүнө элдин маанайын көрүп билди. Мындай пикир алышуудан кийин президент көп нерсени өзгөртөт. Бул жерде Россия менен окшоштук байкалууда. Путин жыл сайын журналисттер менен жолугуп келет, бирок Россияда өлкөнүн масштабын эске алуу менен убакытты үнөмдөө үчүн онлайн-форма тандалып алынган. Демек, Курултайды кайсы бир деңгээлде өлкөнүн саясий турмушундагы секирик десек болот", — деди Бакетаев.
Эксперт сын пикир көп жаңырганын, нааразылыктар президенттин өзүнө да, Ташиевге да айтылганын белгиледи.
"Кызыгы, айтылган сын жумшагыраак болгону эле болбосо соцтармактагы нааразылыкка үндөш болду. Көп көйгөй козголду. Көпчүлүк айыл-кыштактан келгендиктен мектеп, оорукана, жол, ажаткана сыяктуу маселелер айтылды. Бул курултай да, андыктан идея айтып, кай тарапка бара жатабыз, кандай багыт алуудабыз, ким менен баратабыз деген суроолорго жооп изделиши керек эле. Алыстан келгендер сүйлөсүн деп көп экспертке сөз берилбей калды. Анысы да туура, эл күнүмдүк туш болгон көйгөйүн айтат эмеспи", — деди саясат таануучу.
Анын айтымында, Курултай өтөсүнө чыкпай калды деп айтууга болбойт, ошентсе да айрым кемчиликтер байкалды.
"Чыныгы элдик пикир болду, дыйкандар, жумушчулар келди, бир да олигархты көргөн жокмун. Эл түйшөлткөн маселесин, өзгөчө коррупция тууралуу айтты, президенттен акча да сурашты. Бирок негизинен ойлоп, тынчсызданып турган нерселерин билдиришти. Эми жакынкы арада кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо керек, анткени баары жазылып алынды, анын үстүнө өкмөт бир жылдан кийин эле отчет берет эмеспи. Менимче, президент реформа жасоо үчүн жакшы кубат алды. Тилекке каршы, эч ким эл аралык саясат, Кыргызстандын дүйнөдөгү орду тууралуу кеп козгогон жок, кийинки Курултай мындан иреттүүрөөк өтсө керек. Азырынча элдин маселесин чечүү зарыл", — деди ал.
Ал дүйнөдө Элдик курултай сыяктуу институттун аналогу жок экенин кошумчалады.
Жаңы органдын жаралуусу
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Курултайдын эмне экенин чындап түшүнүү үчүн сөздүн өзүнүн маанисинен айырмалап кароо керек экенин белгиледи.
"Курултай" сөзүнүн эки мааниси бар. Биринчиси — жыйын, съезд, аксакалдардын, уруу башчыларынын, уюм жетекчилеринин кеңеши. 2021-жылы кабыл алынган Конституцияга чейин деле Баш мыйзамда курултай тууралуу айтылып келген. Бирок аларда мааниси кайсы бир жергиликтүү маселени чечүү жана бийлик аныктаган кайсы бир көйгөйдү талкуулоо үчүн элдин чогулушу катары берилген. Ошондуктан эл арасында көп кадыр-баркы жок болуп, көбүнчө президенттин кызыкчылыгын жайылтуучу жыйын катары кабыл алынып келди. Экинчи мааниси — түз диалог жана элдин кызыкчылыгы ортого салынган институт. Азыркы Баш мыйзамда дал ушундай Курултай тууралуу айтылган. Конституцияга ылайык, Элдик курултай кеңешүүчү, сунуш берүүчү жыйын. Берененин экинчи бөлүгүндө Элдик курултайдын ишинин ирети Баш мыйзам менен аныкталары айтылат. Демек, 2022-жылы жаңы конституциялык органдын пайда болгонуна күбө болдук", — деди Бактыгулов.
Анын айтымында, Элдик курултайдын бир да бийлик бутагына тиешеси жок.
"Элдик курултай эмнеликтен карапайым калк арасында абдан популярдуу болуп кетти? Менимче, бул саясий партиялар менен Жогорку Кеңеш депутаттарынын эл менен бийликтин ортосунда көпүрөлүк милдетти аткара албай калганынан улам болду. Баш мыйзамда бийликтин ээси эл экени, ал бийликти президент менен ЖК депутаттарын шайлап жана мамлекеттик органдар аркылуу ишке ашыра турганы жазылган. Бирок депутаттар бир ууч топтун кызыкчылыгын көздөп, саясий уюмдар шайлоо учурунда жандана калган шайлоо машиналарына айланып калууда. Шайлоолорго элдин аз келиши, депутаттардын катуу сынга кабылышы ушундан дагы. Эл бүгүн өзгөрүүлөрдү күтүп жатат, жылыш болбогондуктан Элдик курултайга үмүт арты. Мына ушундан улам Курултайда бир айыл же бир райондун көйгөйү жаңырып жатты. Эл Курултайдан кыйнаган маселесин айтып алуучу аянтча көрдү", — деди саясат таануучу.
Ал Курултайга келчү делегаттарды шайлоонун маанисине да токтолду.
"Делегаттардын сапатынан жана көздөгөн кызыкчылыгынан Элдик курултайдын иши абдан көз каранды. Борбор Азиянын башка өлкөсүндөгүдөй эле Кыргызстандын эли кынтыксыз деп айта албайбыз. Жеке кызыкчылык, максат-мүдөөсү деген бар, ушунун баары Элдик курултайдын ишине, эң башкысы, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө кедергисин тийгизбеши керек. Айрым мүчүлүштүктөргө карабай Элдик курултайдын келечеги кең деп ойлойм", — деди эксперт.