Радио

Актанбекова: гормондордун иши бузулса аял семирип же арыктай баштайт

Гинеколог-эндокринолог Альбина Актанбекова организмдеги гормондордун бузулуу себептерин атап берди.
Sputnik
Адамдын организминде 60тан ашык гормон бар экенин Альбина Актанбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы көпчүлүк аялдар гормондорунун бузулушуна көп маани бере бербейт.
"Гормондор бузулуп баштаган кезде аял кишинин маанайы тез чөгүп, бат-баттан өзгөрүп калат. Тырмактардын өзгөрүшүнөн, айыздын бузулушунан, салмактын оорлошуп же азайып кетишинен, денеде ашыкча түктөрдүн пайда болушунан, ошондой эле өспүрүм кыздардын бетине чыккан безеткиден организмдеги гормондордун бузулуп баштаганын байкаса болот. Өлкөбүздө көпчүлүк аялдар бул нерсеге маани бербей, оору күчөгөн маалда гана дарыгерге кайрылышат. Бизге, тилекке каршы, өтүшүп кеткен учурда келишет. Аны алдын алуу үчүн стресстен алыс болуп, көбүрөөк таза абада сейилдөө сунушталат", — деди гинеколог-эндокринолог.
Ал диета үчүн деп ичип жаткан ар кандай таблеткалар да гормондордун бузулушуна алып келиши мүмкүн экенин кошумчалады.
Тема боюнча:
Картаюунун 30%ы табияттан, калганы адамдын өзүнөн болот. Эндокринологдун маеги