Бүгүндөн баштаңыз. Жүрөктүн ишин жакшыртчу 6 адат

Соңку жылдарда жүрөк жана кан тамыр оорулары, анын ичинде аритмия, гипертония, инсульт жана инфаркт сыяктуу дарттар өлүмдүн негизги себептери болуп келе жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ден соолукка жакшылап кам көрсө жүрөк 100 жылдан ашык ойдогудай иштеп берет. Бул тууралуу терапевт Марина Федоренко "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде айтып, жүрөктүн ишин жакшыртчу адаттарды санады.
Ашынган ыңгайдын ордуна активдүүлүктү тандаңыз. Цивилизация жашоону жеңилдеткен техникаларды бергени менен колдон келишинче өзүңүз көбүрөөк кыймылдоого аракет кылыңыз. Бул кандын жүгүрүүсүн жакшыртат.
Үйдө тараза болгону жакшы. Ашыкча салмак — жүрөктүн эң биринчи душманы.
Чылымдан баш тартыңыз. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын 10 пайызы дал ушул чылым тартуудан улам пайда болот.
Туздуу тамактан оолак болуңуз. Рациондон туздуу, майлуу тамактарды азайтып койбосоңуз жаш өткөн сайын жүрөктүн иштешине тоскоолдук жаралат.
Стрессти ичимдик менен баспаңыз. Жыйынтыгы кандай болору айтпаса дагы белгилүү.
Дарыгерге маал-маалы менен көрүнүп туруңуз. Кайсы гана оору болбосун, аны дарылагандан көрө алдын алган жеңил.
Психолог жаш өтүп бара жатканда балалуу болуунун артыкчылыктарын санап берди