Бакиров: юридикалык баа берилмейинче башка кабинетке көчө албайм

Эл өкүлүнүн кабинетинен чыгарылышы боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кабинеттен чыгаруу боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыгып, юридикалык баа берилмейинче башка кабинетке көчө албайм. Мындай пикирин депутат Өмүрбек Бакиров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, депутаттын жаңы иш бөлмө бөлүнгөндүгү боюнча кабары жок.
"Жок, кабинет бериле элек. Менин мурдагы кабинетимден буюмдарымдын жарымын чыгарып салышкан, жарымы ичинде калган. Андан кийин аны бекитип салышты. Бул боюнча юридикалык баа берилиши керек да, ошондой процедуралардан кийин гана мен башка кабинетке көчөм, азыр чыгарылган буюмдарымды алып эле жаңы кабинетке бара бермек белем", — деди ал.
Өмүрбек Бакировго жаңы кабинет берилгендигин айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ага ылайык, эл өкүлүнө 607-кабинет бөлүнгөн. Президенттин иш башкармалыгы Sputnik Кыргызстан агенттигине бул суроону тактап берерин айтты.
Эскерте кетсек, 23-ноябрда Өмүрбек Бакиров аны 18-ноябрда кабинетинен чыгарып салышканын айтып, ошондон бери көчөдө жүргөнүн билдирген. Анын айтымында, жардамчылары түшкү тамактанууга кеткен учурда кабинетине мөөр басып кетишкен.
Андан мурун эл өкүлү Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган.
Андан соң парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан.
Президенттин иш башкармалыгы Бакиров кабинетинен оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу чыгарылганын билдирген.
Президенттин иш башкармалыгы Бакировду эмнеге кабинеттен чыгарганын айтты