БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстан сентябрь айында төрт килограмм алтын сатты, анын баары Бириккен Араб Эмирлигине экспорттолгон. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында камтылган.
Январдан июль айына чейин 64 килограмм 441,2 грамм алтын баш-аягы 609,6 миң долларга сатылган. Мунун баарын Түркия алган. Деген менен кээ бир айларда такыр эле экспорттолгон эмес.
Августта Бириккен Араб Эмирлигине 999 грамм сатылган.
Жалпысынан январдан сентябрга чейин чет өлкөгө 69 килограмм 439,8 грамм алтын чыгарылган, баасы 900 миң доллардан ашат.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 22,2 тонна баалуу металл 1,3 миллиард долларга сатылган.
Бирок былтыр биринчи жарым жылдыкта Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы аркылуу сатканын эске алуу керек. Мындан сырткары, Улуттук банк жакында эле 2021-жылдын башында дээрлик 20 тонна алтын сатканын жарыялаган.
Статком ачык жарыялаган маалыматтарга ылайык, 2018-жылдан бери сатып алып жаткан өлкөлөрдүн катарына быйыл БАЭ биринчи ирет кошулду.