Элдик курултайдан пляждагы аялга чейин. Апта ирмеми

Нигерияда кайра иштетилген материалдардан тигилген кийимдер эл назарына коюлса, Кыргызстанда биринчи Элдик курултай болуп өттү. Ал эми Кытайда СOVID-19 кайрадан күч алып жатат. Sputnik Кыргызстан өткөн аптанын кызыктуу окуяларынын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.
Sputnik
1 / 24

Кайра иштетилген материалдардардан тигилген кийимдерди мода көргөзмөсүндө тартуулаган моделдер. Лагос, Нигерия

2 / 24

Улуу Британиянын "Кызыл жебе" падышалык Аскер-аба күчтөрү Кувейттеги авиашоуда өнөрүн көрсөтүүдө

3 / 24

АКШ президенти Жо Байден Ыраазычылык күнүндө

4 / 24

Крит аралынын (Греция) түштүк-чыгышындагы Палеохора портунда токтотулган кайыктын ичиндеги мигранттар

5 / 24

Чилидеги Вильяррика вулканы жанданып жаткан учур. Бул — Түштүк Америкадагы эң эле активдүү жанар тоо.

6 / 24

Куала-Лумпурдагы (Малайзия) Louis Vuitton дүкөнүнүн жанындагы жаныбарларды коргоочулар. Алар компаниянын жыландын терисинен сумка жана капчык жасашына каршы уюштурулган акцияга чыгышкан.

7 / 24

Каракастагы (Венесуэла) деңиз шамалынан улам Чакао району менен Эль-Авил паркынын үстүндө пайда болгон күн желеси

8 / 24

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн биринчи Элдик курултайдын катышуучулары менен сүйлөшүп жатат. Курултай ишине ар аймактан шайланып келген делегаттар, чакырылган меймандар, аткаруу, мыйзам чыгаруучу жана сот бийлигинен болуп 1 200дөн ашуун киши катышты.

9 / 24

Израилдин Хадера шаарына жакын жерде Жер ортолук деңизде кум акуласынын жанында сүзүп жүргөн жуптар

10 / 24

Колумбиянын Медельине шаарында учак кулаган жерде иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөр

11 / 24

Тайвандык актриса Ван Юйсюань Тайбэйде "Алтын ат" премиясын тапшыруу учурунда

12 / 24

Кабулду карап, Надир Хан дөңсөөсүндө чай ичип отурган афгандыктар

13 / 24

Албаниянын түндүк-батышындагы Куч айылынын суу алдында калган көчөсү

14 / 24

Сүрөтчү жана фотограф Спенсер Туник Сиднейдеги (Австралия) пляжда миңдеген жылаңач адамды тартууга камынууда

15 / 24

"Париждеги күз фестивалынын" алкагында сүрөтчү Жак-Луи Давиддин Луврдагы "Сабинянки" эмгегинин алдында өнөрүн көрсөтүп жаткан бийчи

16 / 24

Бишкекте өткөн Burana Fashion Week 2022 мода көргөзмөсү. Иш-чарага Кыргызстан жана башка аймактардан 20 дизайнер катышты

17 / 24

Лондондун Гайд-паркында формасын кийип жаткан гвардиячы

18 / 24

Италиянын Искья аралында жер көчтү. Каргашадан бир адам өлүп, 11 киши дайынсыз болуп жатканы айтылды. Төрт тургун жабыркап, 167 жашоочу үй-жайсыз калган.

19 / 24

Камерундук күйөрмандар. Швейцария — Камерун беттеши башталар маал.

20 / 24

Индиядагы Ганг дарыясынын соолуп калган нугу менен бара жаткан киши

21 / 24

Кытайда акыркы убакта коронавирус кайрадан күч алгандай. Үч күн катары менен оору жуктурган кишилердин саны боюнча рекорд жаңыланып жатты. Сүрөттө медик аялдан мазок алууда.

22 / 24

Санкт-Петербугдун көчөсүндө "Зенит" жана "Црвена Звезда" командаларынын беттешине 60 метрлик сербия-россиялык желекти көтөрүп бара жаткан эл. Сентябрда бул желекти сербдер Россияны колдоо иретинде Белграддын көчөлөрүнөн алып өтүшкөн.

23 / 24

Индонезиянын Чианджур аймагында болгон жер титирөө 268 кишинин өмүрүн алды, жүздөгөн киши жабыркап, миңдеген турак жай талкаланды. Зилзаладан кийин жер көчүп, алдында бир айыл калганы кабарланган.

24 / 24

Мартиника аралынын Ле-Карбесиндеги пляжда жаткан аял

Тема боюнча:
Лаос, Мадагаскар... Кыргыз ССРинен билим алып кеткен чет элдиктер. Сүрөт баян
Келечектин автокөлүктөрү: Лос-Анжелесте өткөн машиналардын көргөзмөсү сүрөттө