Радио

Дарыгер: адам беш саат сайын тамактанып туруш керек

Кыргыз-Россия Славян университетинин педиатрия кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты, КР эмгек сиңирген дарыгери Калтар Саржанова учурда медик болбогондор деле элге ар кандай диеталарды сунуштап жатканын айтты.
Sputnik
Адамдын тамактануусунун аралыгы беш сааттан ашпашы керек. Бул тууралуу Калтар Саржанова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ден соолук чың болушу үчүн тамактануу режимин сактоо маанилүү.
"Ар беш саат сайын тамактанып туруу шарт. Учурда экономикалык кырдаалга байланыштуу да бардык эле адамдар күндүз жумушта болуп, түшкү тамактанууга көп көңүл бурулбай калууда. Баарынын эле түштө кафеге же ресторанга барып тамактанууга мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Бул себептен көпчүлүк кечинде гана күчтүү тамак жеп, организмин бузууда. Диетаны да дарыгер тарабынан сунушталганда гана сактоо керек. Убактысынан ашырып же жеткирбей кармаса ден соолукка зыян. Мындан сырткары, азыркы кезде медик болбогондор деле ар кандай диеталарды сунуштап жатат. Кээ бирлер жалаң бышырылбаган тамактарды жеш керек деп элдин башын айландырууда", — деди дарыгер.
Ал койдун эти организмге оңой сиңбей турганын кошумчалады.