Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Тоолуу тилкелерде жолдорго муз тоңуп, тайгалак болуп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун "Сосновка" көзөмөлдөө бекетинен жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө кечээ саат 23:30дан тарта чектөө киргизилди. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
1 / 2

Тоолуу тилкелерге кар жап, жолдорго муз тоңуп, тайгалак болуп калган.

2 / 2

Төө-Ашуудагы жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, тоолуу тилкелерге кар жап, жолдорго муз тоңуп, тайгалак болуп калган. Төө-Ашуудагы жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө. Ушундай эле жумуштар Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашууларда жасалып жатканы белгиленди.
Транспорт министрлиги мындай катаал аба ырайына байланыштуу айдоочуларга унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, ашууларда тыгын жаратпоо үчүн каршы тилкеге чыкпай эреже менен айдоого чакырды.
Калың кар жаабайбы? Кыргызстандагы бир жумага карата аба ырайы