БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Коррупциялык иштерден улам өлкөдөгү фармацевтикалык компанияларда жана Дары-дармек, медициналык каражаттар департаментинде тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Аталган иш боюнча тергөө иштеринин алкагында алынган далилдерди табуу жана тийиштүү түрдө эсепке алуу максатында "М-РАЙН" ЖЧКсынын кампаларында издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
"Ири көлөмдөгү дары-дармектердин табылганын эске алып, тиешелүү тергөө амалдарын жасоо үчүн "М-РАЙН" ЖЧКсы колдонгон сактоочу жайына мөөр басылган", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин да аталган департаменттин жооптуу кызматкерлери мурдагы документтерди жасалмалап, алмаштырып, өлкөгө сапатсыз дарыларды тоскоолдуксуз ташып келүүгө шарт түзгөндүгү үчүн кармалган.