БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Москвада Россия менен Казакстан лидерлери Владимир Путин жана Касым-Жомарт Токаев жолукканын Кремлден кабарлашты.
Бул Токаевдин Казакстан президенти болуп шайлангандан кийинки чет мамлекетке жасаган биринчи иш сапары.
Путиндин айтымына караганда, Казакстандын лдиеринин бул сапары өзгөчө мааниге ээ.
Мамлекеттердин башчылары 2021-2022-жылдардагы товар алмашуунун дурус болгон көлөмү тууралуу кеп кылышты. Мындан сырткары, Токаев Россияга келишинин терең саясий мааниси бар экендигин айткан.
"Башка жагынан алып караганда, бул кадимки эле нерсе, кеп биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуу жаатында жүрүп жатпайбы. Быйыл дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгиледик. Бүгүн бул тарыхый датага арналган декларацияга кол коюп жатабыз", — деген Токаев.
Казакстан башчысы Казакстан үчүн Россия негизги стратегиялык өнөктөш катары кала берерин, аларды ар кыл тармактагы өз ара алака байланыштырып турарын кошумчалаган.
Токаев россиялык капиталдын Казакстандан орун алышы боюнча өтө чоң пландар бар экендигин белгилеген.