БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Чүйдө аялын өлтүрүп, денесин жиликтеп Чоң Чүй каналына (ЧЧК) ыргытып, Россияга качып кеткен деген шек менен күйөөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс служба ГУВД Чуйской области
Билдирмеге ылайык, 14-октябрда ЧЧКнын Сокулук районундагы суу бөлүштүрүүчү тосмосунан адамдын дене мүчөлөрү табылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө каналдын Бишкек шаарындагы бөлүгүнөн дагы дененин айрым мүчөлөрү чыккан.
Сокулук райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам тергөөнүн натыйжасында киши колдуу болгон аял Аламүдүн районунун Пригородное айылында жашаган 48 жаштагы Х.М. экени белгилүү болгон. Ал эми анын өлүмүнө 54 жаштагы А.И. аттуу күйөөсүнүн тиешеси бардыгы аныкталган. Шектүү кылмыштуу окуядан кийин Россияга чыгып кеткендиктен издөө жарыяланган.
Тийиштүү материалдар РФ ИИМинин Ханты-Мансийскидеги муниципалитеттер аралык бөлүмүнө жиберилген. Анын алкагында полиция кызматкерлери тарабынан шектүү кармалган. Учурда аны Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилип жатканы белгиленди.