БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бельгияда жашаган марокколук футбол күйөрмандары Брюссель шаарынын көчөлөрүнө чыгып жеңишин майрамдап, анысы массалык башаламандыкка айланды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, жекшемби күнү Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында Марокконун командасы Бельгияны 2:0 эсебинде жеңип алган. Муну менен алар тайпалык жарышта биринчи орунга чыкты.
Марокколуктар түнү менен чаң-тополоң салып, автоунааларды, дүкөндөрдү талкалап, дөңгөлөктөрдү күйгүзүп, полиция кызматкерлери менен кагылышкан. Бельгиянын желегин дагы өрттөгөнү жазылат. Полиция аларды токтотууга аракет кылып кулак тундуруучу граната, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, атайын машиналар менен суу чачкан. Башаламандыктан улам шаарда коомдук транспорт токтогон.
Чогулгандар эртең менен тарап кеткен.
Бельгияда жарым миллионго жакын марокколук жашап, иштеп жүргөнү айтылат.