"Ала-Тоодо" башкы балатыны орнотуу иштери башталды. Сүрөт

Быйыл Жаңы жыл майрамынын башкы символу чоң фонтандын ордунан орун алмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы балатысынын темир каркасын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 3

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы балатысынын темир каркасын орнотуу иштери башталды.

2 / 3

Балатыны "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери коюп жатат.

3 / 3

Быйыл Жаңы жыл майрамынын башкы символун чоң фонтандын ордуна орнотулары маалым болду.

Балатыны "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери коюп жатат. Быйыл Жаңы жыл майрамынын башкы символун чоң фонтандын ордуна орнотулары маалым болду.
"Жаңы жыл майрамынын символикасынын бийиктиги 25, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилет. Шаарды Жаңы жылга карата жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин созулат", — деп билдирди мэриядан.
Жаңы жылда кыргызстандыктар канча күн эс алат? Министрликтин сунушу