Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Bloomberg АКШнын Украинадагы ролу тууралуу ачуу чындыкты ачыктады

Баяндамачы АКШ үчүн аскердик аракеттер кыйынга туруп, курал-жарактын запасы түгөнөрүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Украинадагы жаңжалдын созулушу чыгымды көбөйткөндүктөн АКШга пайда алып келбей калат. Бул тууралуу Bloomberg сайтына баяндамачы Хэл Брэндс жазганын РИА Новости маалымдады.
"Америкалык аткаминерлер АКШ Украинадагы каатчылыктан мүмкүн болгон бардык "түшүмдү" алды деп ойлой башташты", — деген ал.
Анын пикиринде, АКШ үчүн аскердик аракеттерди жасоо күндөн күнгө кыйындай берет. Ошентип Вашингтон башка аймактарга тиешелүү көңүл бөлө албай калат, ал эми курал-жарактын запасы акыры түгөнөт.
Брэндс узакка созулган каатчылык Американын коргонуу өнөр жай базасына байланышкан көйгөйлөрдү да ачыкка чыгарарын белгилеген. Мындан тышкары, Тайвандын айланасындагы кырдаалдын курчушунан улам Байдендин администрациясы Европадагы аскердик аракеттерди токтотууга кызыкдар болору кошумчаланган.
"Украина батыш өлкөлөрүнүн колдоосуна ээ болуу үчүн тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөргө барууга даяр экендигин көрсөтүүсү керек, антпесе АКШ пайдасыз абалдан баш тартышы мүмкүн", — деген Брэндс.
Владимир Путин 24-февралда атайын операция башталганын жар салгандан бери Батыш Россияга каршы масштабдуу санкцияларды киргизип, киевдик режимди куралдандырып, миллиарддаган долларлык аскердик техникаларды берүүдө.
Москва бир нече жолу Батыштын курал-жарак ташышы жаңжалдын созулушуна гана алып келерин, ал эми курал алып келген ар бир транспорт Россия армиясынын мыйзамдуу бутасы болорун айтып келет.
19FortyFive: АКШнын аскерлеринин көбү толук болууда