Келерки жумада Жалал-Абадда аба ырайы кандай болот

Тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгалак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата Жалал-Абад облусунун аба ырайы тууралуу маалымат берди.
28-ноябрда айрым жерлерде жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 29-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаай турганы божомолдонуп жатат.
30-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде кар, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт.
1-3-4-декабрда түнкүсүн кар түшүшү күтүлөт.
Тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Күн сууктайбы? Алдыдагы аптага карата Ош облусундагы аба ырайы