Чыныгы кыш келдиби? Нарында бир жумалык аба ырайы

Апта бою облустун көпчүлүк аймактарында кар жаап турат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Алдыдагы жумага карата Нарын облусундагы аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет агенттиги божомолун таратты.
Ага ылайык, бүгүн-эртең айрым жерлерге кар түшүшү күтүлөт.
Ушундай эле аба ырайы аптанын соңуна чейин өкүм сүрмөкчү.
Тоолуу райондордо жер тоңуп, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Калың кар жаабайбы? Кыргызстандагы бир жумага карата аба ырайы