Радио

Жумалиева: кулакчын аркылуу инфекция жуктуруудан абайлаш керек

Кулак-мурун дарыгери (ЛОР) Майрам Жумалиева кулактын тарсылдагы бир ирет жабыркагандан кийин кайра калыбына келбей тургандыгын айтты.
Sputnik
Сырттан аба өткөрбөй кулакка тыгыз салынган кулакчындар ден соолукка абдан зыян. Бул тууралуу Майрам Жумалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кулакчын аркылуу кулакка инфекция киргизип алуудан абайлоо зарыл.
"Кулакчын аркылуу адамдар кулагына инфекция киргизип алууда. Аны алдын алуу учүн кулакчынды бат-баттан тазалап туруш керек. Эң кооптуусу — кулакчындан чыккан бийик добуштан улам тарсылдактын жарылуусу. Тарсылдак бир жарылса калыбына келбейт. Дарылаган күндө деле мурункудай болбой угуу жөндөмүнөн ажырайт. Ошол үчүн музыканы катуу коюп угуудан абайлоо шарт. Абаны сырттан өткөрбөй кулакка тыгыз киргизилген кулакчындар да кулакка абдан зыян",— деди кулак-мурун дарыгери.