Кыргыздардын кат-сабатын жоюуга жөнөтүлгөн казандык мугалим Салих Исмаев

Билим алуу ийне менен кудук казгандай экени талашсыз. Кыргыз элинин билим алышында, билимдүү жаштарды тарбиялоодо алгачкы агартуучу Салих Исмаевдин эмгеги чоң. Ал Казань шаарынан атайын жиберилген мугалим болгон.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде өлкөгө алгачкылардан болуп келген мугалимдердин бири Салих Исмаев тууралуу кеп кылабыз. Залкар инсан туурасында небереси Жапар Исмаев жана ал кишининин өмүр жолун, элге келтирген пайдасынизилдеп жаткан айылдашы Ой-Талбек Осмонов айтып бермекчи.
— Салих Исмаев кыргыз жергесине кандайча келип калган экен?
Жапар Исмаев: — Салих чоң атамдын ата-энеси революционер болуп Казань шаарында атылып кетет. Ошондо аман калган чоң атам менен эжесин интернатка берип коюшат. Андан кийин шаардагы медреседе окуйт. Ошол жактан мугалим катары атайын билим алып чыккан. 1926-жылдары Сталиндин сабатсыздыкты жоюу боюнча декретине ылайык татарлардан, башкырлардан жана орустардан турган билимдүү жаштар Орто Азияга жиберилет. Анын ичинде чоң атам да бар экен. Жаңы келгенде Ысык-Көлдөгү Ананьевонун (мурунку Байсоорун — ред.) жанындагы Кароол-Дөбө айылына барып мугалим болуп иштеп, мектеп ачат. Ал ортодо үйлөнүп, бир балалуу болгондон кийин Түп районуна жиберишет. Келинчегин айылдагылар кетирбей коюп, ошону менен Рашид деген баласы энесинде калат. Ал уулунан 12 небереси бар. Чоң атам Түптүн Ой-Булак айылында мектеп ачып балдарды окута баштайт. Ал убакта караңгылык экен, эл да балдарын окууга бербейт. Эптеп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кыргыздарды мектепке тартышыптыр. Бирок кийин ошол балдардын ичинен элдин керегине жарачу бычакка сап мыктылар көп чыккан. Ал эми генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековду 4-класска чейин окутуптур. Аны 1-класстарга сабак бердирчү экен.
Кыргызстанга алгачкылардан болуп келген мугалимдердин бири Салих Исмаев
— Жеке турмушуна кайрылсак, кийин кайра үйлөнүптүрбү?
— Ооба, Түптө чоң атамды экинчи ирет айылдагы Алишер деген кишинин Калиман деген жалгыз кызына үйлөнтүп коюшат. Апам генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун жакын эжеси болот. Экөө эки кыз, бир уулдуу болушкан. Мен ошол эркек баласы Раштын баласымын. Чоң атам кийинки жылдарга чейин эле иштеп жүрдү. Биз 1977-жылы армияга кеттик, ал эми 1979-жылы февралда ал киши каза болуп калды. Мен акыркы сапарга узатууга келе албай калгам. Азыр айылдагы мектепке аты берилген.
— Ар бир аймактын өз Дүйшөнү болгон эмеспи. Салих Исмаевди көп жыл иликтептирсиз?
Ой-Талбек Осмонов: — ХХ кылымдын орто ченин изилдесек, биздин Кыргызстанда мектеп болгон эмес. Мугалимдер да тартыш экен. Бул киши Казань шаарынан медресени бүткөн учурда Сталиндин "сабатсыздыкты ликвидациялоо" декретинин негизинде Орто Азияга 25 миң жаш кадр келет. Ошолордун ичинен орус, башкыр, татар улутундагы үч миң мугалим бизге бөлүнгөн. Түрк тилдүү эл болгондуктан татарлар менен тилибиз окшош. Алар бир чети жергиликтүү эл менен орустардын ортосунда ортомчу, котормочу да болгон. Ошол кезде кыргыздар араб алфавити менен жазып жүрүптүр. Салих аксакал интернат менен медресени кошкондо 14 жыл билим алган. Ошол аралыкта орусча, арабча, түркчө окуп тил үйрөнгөн. Көлдүн айылдарын: Кароол-Дөбө, Арал, Ой-Булак, Ой-Тал – баарын бир күндөн кыдырып бөбөктөрдү окуткан. Ал кезде машина да жок. Качыр минип, кыдыңдап кыдырып жүрчү. Мага "Ой-Тал, мен Ленин окуган Казань университетинин жанына жакын жайгашкан медреседе окугам. Экөөнүн аралыгы бир чакырымга да жетпейт. Ортосунда жакшынакай көл бар" деп айтар эле. Быйыл атайын Казанга барып Салих Исмаевдин окуган медресесин көрдүм. Медресени Маржани деп атап коюшуптур. Анткени ал эң биринчи директору болгон экен. Окуу жайдын имаратына 250 жыл толду. Алгач татар, башкыр мусулмандарына мечит ачылып, анын алкагында медресе иштей баштаган. Ошол медресенин ичинде өзүнчө мугалимдер мектеби болуп, канчалаган балдардын кат-сабатын жойду. Салих атабыз да айылда окуучуларынын ичинен тың балдарды өз ордуна калтырып, баштапкы класска сабак бердирген.
Салих Исмаевдин айылдашы Ой-Талбек Осмонов
— Алардын бири генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков болду да...
О.О.: — Ооба, анын арты менен мугалимдик кесипке кызыккан жаштар көп чыккан. Салих Исмаевден билим алган биздин айылдык 40 окуучу согушка катышып, 20сы келбей калды. Бирок ошол согуш жылдары мекенине жасаган эмгеги, көрсөткөн эрдиктери зор болду. Бир кичинекей 30-40 түтүн айылдан Советтер Союзунун Баатыры чыгып жатат. Ал эми Абдыкерим Койлубаев атабыз эки ирет Даңк орденин алды. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда үлгү көрсөтүп, окуучуларын мекенди коргоого үгүттөп, өзү согушка кеткен. Алгач Ташкенттен окуп, Сталинградга, андан Польшага чейин барат.
Батыш Салиеванын кызы: апам жанды сабап иштөө керек деген принцип менен жашады
— Бул киши Кыргызстанда алгачкы Эл агартуунун отличниги болгон дешет?
О.О.: — Согуштан кийин Кыргыз ССРинин эмес, Советтер Союзунун эл агартуусунун отличниги наамы ыйгарылган. Салих аксакал согушка кеткенде окуучулары ишин улантып Жумакадыр Эрматов, Абыл Аманов аталарыбыз балдарды окуткан. Кичинекей бир айылдан 20дай киши техникумду бүтөт. Ал кезде каалагандар эле техникумда окуй берген эмес. Көпчүлүгү зоотехник, веттехник, агроном, башкарма, райкомдун биринчи катчысы болуп эмгектенишкен. Биздин айылдан эң биринчи чекист Кашымбек Өмүралиев да чыккан. Аны да Салих Исмаев окуткан. Кашымбек Москва жогорку милиция мектебинин филиалын Алматыдан аяктаган.
— Салих аксакалдын турмушу кандай уланды? Өмүрүнүн акырына чейин эле балдарга билим бердиби?
О.О.: — Ал кишинин эрте ардактуу эс алууга кетип калышы да саясат болсо керек. Себеби биздин Кутургу айылында жети жылдык орус мектеп ачылып, айылдагы балдар-кыздардын баары орусча окууга умтулушат. Ошону менен кыргыз тилине көңүл бурулбай калып, ал киши иштен четтеп калды. Бирок согуш убагында Кызыл Жылдыз орденин, I даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш орденин алган. 1970-жылдары мектепке келип окуучулар менен жолугуп, акыл-насаатын, өткөн күндөрүн айтып кетчү эле. Мугалим билим эле эмес, тарбия дагы берет да.
— Согуш жылдарын үйдө эскерчү беле?
Ж.И.:— Согуш башталганда чоң атамды чакырып, радист кесибине үйрөтүшөт. Морзе алиппесин өздөштүрөт. Андан ары согушка жөнөтүлөт. Бир жолу жабык имаратта отурушса бомба түшүп, ичиндеги үчөө өлүп, чоң атам эле тирүү калыптыр. Морзе алиппеси аркылуу жашыруун маалыматтарды жеткирип турган. Ушул эмгектеринин аркасы менен ордендерин алды. Бирок бизди аячу беле, же өзү эстегиси келчү эмеспи, айтор, согуштун каардуу окуяларын айтчу эмес.
Салих Исмаевдин небереси Жапар Исмаев
— Сиз Казанга чейин барып келипсиз. Туугандарын таба алдыңызбы?
О.О.: — Эжесинин туугандары бар экен. Бирок жолугууга убакыт болгон жок. Окуган мектеби ошол бойдон турат. Казань шаарынын мэри атайын коргоого алып коюптур. Ошол кездеги окуучулардын тамактанган жайларына чейин сакталган. Азыр ал медресе менен татарлар абдан сыймыктанышат. Маржани — Бухарага барып атайын билим алып келип, элдин кат-сабатын жоюуга эмгегин арнаган инсан. 1880-жылы Кытай менен Россия келишим түзүп Кулжа Кытайга өтүп кетип, Кулжадагы кыргыздардын баары Көлгө келет. Ошол Жибек Жолу аркылуу татарлардын Кытайга каттаган соодагерлери Караколго топтошкон экен. "Биздин медреседе Караколго кеткен соодагерлердин салымы чоң болчу. Көп жардам беришчү" деп айтышты. Ошол медреседе 14 жыл окушкан. Октябрь революциясынан кийин динге каршы иштер жүрөт эмеспи. Ошол себептен 1918-жылдан 1923-жылга чейин медресени жаап коюшат. Бирок мугалимдери окутуу иштерин жашыруун уланта беришет. Акыры ар тараптуу, бир нече тилди билген балдарды даярдап чыгарышкан. Кийин мугалимдер мектеби кылып, медресенин статусун өзгөртө коюп балдарды даярдап, анан Орто Азияга окутуучулукка жиберишкен экен. Ал мугалимдер мектеби кийин медресенин ичинде сакталып калган. Казандыктар Чыңгыз Айтматовду жээнибиз деп абдан жакшы көрүшөрүн айтышты. Караколдон келгенибизди айтсак, андан бетер сүйүнүштү.
— Кийин айылдагы мектепке Салих Исмаевдин аты берилген экен да?
О.О.: — Ооба, демилгени айылдын баары колдон-буттан алып, аксакалдар да колдошту. Мында уюштуруу иштеринин башында ошол кездеги мектеп директору Аскар Өмүралиевдин эмгеги көп. Анын атасы, чекист Кашымбек Өмүралиевди да Салих Исмаев окуткан. Анан да Россия Орто Азияда сабаттуулукту жоюуга чоң жардам бергендигин бүгүн көрүп жатабыз. Түштүктө да атайын жиберилген татар мугалимдер орун-очок алып калышыптыр.
— Ал кезде кандай программада окутушкан экен?
О.О.: — Алгач башталгыч класстар деп бөлүшкөн. Мында сабатын жойгон. Андан кийин 1-2-даражадагы билим берүү деп каралган. Кийин жети класстык билим берүү киргизилген. Ал эми орто билим берүү жана жогорку билим деген түшүнүк кийин эле пайда болгон.
Казат Акматовдун уулу Азим: атама апам менен жарашпай койгондо катуу таарынгам