Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Качан унчукпай калат?". АКШлык алып баруучу Зеленскийди сынга алды

Теле алып баруучу Зеленскийди "коррупциялашкан украин диктатору" деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Fox News телеканалынын алып баруучусу Такер Карлсон Украинанын президенти Владимир Зеленскийди АКШдан тынымсыз акча сурай бергени үчүн сынга алды.
Анын пикиринде, Киевге жардам көрсөтүүнүн аркасында Американын экономикасы "төмөндөп баратат". Журналист белгилегендей, АКШ буга чейин Украинага 90 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн, бул Вашингтон Афганистанга жыл сайын сарптаган каражаттан эки эсе көп болуп кеткен.

"Бирок бул дагы эле Зеленский үчүн аздык кылат. Ал Америка Конгрессинен акчаны жөн гана сурабайт, талап кылат", — деп ачууланган теле алып баруучу.

Мисал катары Карлсон Зеленскийдин видеобилдирүүлөрүнүн бир нече үзүндүлөрүн көрсөттү.
"Сен бул жигитти тааныйсыңбы? Бул ким? Бул чындап эле бизден акча талап кылган коррупционер, украин диктатору. Бул качан унчукпай калат?" — деп сурады журналист.
Буга чейин АКШнын Украинага дагы 4,5 миллиард долларлык транш бөлүп бергени белгилүү болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Батыштын көзөмөлүнөн чыгып бара жатканы айтылды