БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. АКШнын көпчүлүк аскерлери ашыкча салмактан жабыркашат. Мындай маалыматты 19FortyFive басылмасынын баяндамачысы Стив Бейнон билдирген.
Журналист АКШ бул көйгөйдү чечүү үчүн алдын ала базалык даярдык курсун ачууну чечкендигин айткан. Курстун максаты — аскерге кабыл алынып жаткандарды стандарттуу салмакка даярдоо. Бейнон америкалык жаштардын 23 пайызы гана куралдуу күчтөрдүн талабындагыдай салмакка жооп бере турганын белгилеген. Бул жылы АКШ армиясына 10 миң аскер жетишсиз болду.
"Тиешелүү сандагы аскерлерди кабыл ала албай калуунун эң көп кездешкен себептери болуп аскерге бара тургандардын ашыкча салмагы жана ага чейин жасаган кылмыш иштери болду", — деген баяндамачы.
Анын макаласында даярдоочу курстар аскерге бара турган жаштардын салмагын талапка ылайыктуу келтирүүгө мүмкүндүк берери жазылган.
Америкалык эксперттер АКШнын армиясынын күжүрмөн даярдыктары шек жаратарын бир нече жолу айтып келишкен. Мисалы, президенттин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Роберт О’Брайан деңиз аскерлери менен өзөктүк күчтөр гана жогорку даярдыкта экендигин, калган аскердик бөлүктөр алсыз же өтө алсыз деп баалана тургандыгын билдирген.