Радио

Жапаров: убактылуу кармоочу жай, абактарды жер-жерлерге куруу зарыл

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун көзөмөл жана координациялоо бөлүмүнүн адиси Камалдин Жапаров түрмөлөрдү ар облустун өзүнө куруу зарылдыгын айтты.
Sputnik
Бизде №10 түзөтүү мекемесинен башкасы дээрлик бардыгы Чүй облусунда жайгашкан. Алыскы аймактардан жакындары жолугушууга келгенде көйгөйлөр жаралып келет. Андыктан жер-жерлерде жатак абактарын куруу керек. Мындай пикирин Камалдин Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда республика боюнча 7000ден ашуун киши өз жазасын өтөп жатат.

" Кыргызстанда убактылуу кармоочу жайлардын, түзөтүү мекемелеринин, абактардын абалы начар. Эң кийин курулганына эле 50 жылдын жүзү болгон. Дубалдары нымдашып, полдору чирип адамды кармоого туура келбегендери да жок эмес. Мисалы, Ысык-Көлдөгү тергөө изолятору 1898-жылы салынган имаратта отурат. Имараттарда соту жүрүп жатканы да, кылмышка шектүүсү да кармалып тургандары бар. Жалпы республика боюнча мына ушундай көйгөйлөр жаралууда. Кылмышкердин да мыйзамдык укуктары болгондуктан алар да талапка ылайык шартта кармалышы абзел. Бирок такыр эле бул жаатта иш жүрбөй жатат дегенден алысмын. Мамлекет аз-аздан болсо да аракетин көрүп келет. Дагы бир башкы көйгөй, жатак абактарын аймактардын өзүнө куруу зарылчылыгы ачык турат. Анткени алардын баары Чүй боорунда жайгашып, жолугушууга Баткенден, Чаткалдан келген жакындары тротуарда, көчөдө жатып күтүп жүргөн учурлар кездешет. Айрымдары убактылуу ижара алышып, ошондо жашап турушат. Алардын келген-кеткени өзүнчө маселе. Сааттык, суткалык жолугушуу укуктары бар, мунун баары күтүүгө туура келип чыгым тарттырат. Андыктан облустардын өзүндө түзөтүү мекемелерин куруу керек",— деди Жапаров.

Ал эл аралык талаптарга ылайык, шарты өтө начар жерде адамды кармап тергөө жүргүзүү, жазасын өтөөгө мажбурлоо да кыйноого кирерин кошумчалады.