Саламатсыздарбы, мен азыр 33 жаштамын. Өзүм айылдын кызымын. 28 жашымда турмуш куруп, сүйүктүү адамым менен баш кошком. Борбордо кайын журтум менен турдум. Кайненем адамды теңсинбеген, айылдыктарды өзүнөн төмөн санаган обу жок аял болуп чыкты. Шаарда ак кол болуп өспөгөндүн баарын сырты жалтырак, ичи калтырак катары санайт. Башкача айтканда, "эки көйнөк жаңыртып алып эле топуракта өскөн күнүңдү унутасыңбы?" деп мурдун чүйрүйт. Адамга ушул критерий менен баа берет. Менин деле бир эмес эки дипломум бар. Бой десе бой, өң десе өңү бар кызмын. Жумушум, алган маянам да ойдогудай. Ата-энем да окуган адамдар. Тамактын түрүн жасайм. Бирок кайненемдин көзүнө шаардын кычыраган жигитине чыккан айылдын кара томолок, артта калган кызымын. Бир жагынан кайнежемдин басынткан мамилеси жанга батат. Ал да өзүнчө жашайт деген аты эле болбосо көбүнчө ата-энесиникинде. Күйөөсү менен ажырашып кеткен. Экөөбүздүн бетибиз ачылып, кээде айтышып да жиберем же ага такыр сүйлөбөй коём. Үйгө эмерек алып, дем алыш сайын десерттин түрүн жасап аябай жагынганга аракет кылдым. Бирок анын баары текке кетти. Күйөөм бир жыл өтпөй энесинин сөзүнө кирип, акырындан алыстап отуруп акыры мени көргүсү деле келбей калды. Достору менен көңүл ачып жүрө берет, менин оюм кызыктырбайт. Бирдеме десең "кааласаң кете бер" деп коёт. Мен күйөөмдү аябай жакшы көрөм, такыр ажырашкым келбейт. Акыркы жолу катуу уруша кеткенде таарынып, ызама чыдабай кетип калгам. Эми артымдан күйөөм келмек тургай, телефон чалып койгонго жараган жок. Бир жума болду. Кайненем бүгүн чалып алып "оокаттарыңды алып кет" деди. Аябай ыйладым. Кандай кылышты билбейм. Өзүмдүн сүйүүмдөн өзүм жапа чегип жатам. Бирок таң калганым мени ушунча тебелеп жатса да жакшы көрөм. Кандай кылсам, депрессиядан кантип чыгам? Же күйөөм менен жарашууга болгон күчүмдү жумшасамбы. Азыр келип "жүрү" десе барар элем. Бирок анын келер ою жок.
Психолог Ильдар Акбутин:
— Сизди жакшы көрүп эмес, керек болсо кабыл алгысы келбеген адамдарга жолугуп калганыңыз абдан өкүнүчтүү. Эмнегедир жолдошуңуз жана анын айланасындагылар да сизди жактырбаптыр. Бирок муну менен катар эле жеке өзүңүздүн керектөөлөрүңүздү, каалооңузду өзүңүз баалабай жаткандайсыз. Сулуулугуңузга жана жаштыгыңызга карабай ушундай никеде жашоо абдан кыйын болсо керек.
Анын үстүнө күйөөңүздү сүйөөрүңүздү айтып жатасыз. Келиңиз, ойлонолу. Сүйүүнүн табияты тууралуу ойлонуп көрөлүчү. Сүйүүгө бакыт, кубаныч, колдоо, коргоо, кабыл алуу, суктануу жана башкалар таандык. Туурабы? Күйөөңүздүн жанынан ушундай сезимдерди сезесизби? Же сизди коркуу, таарыныч, ачуулануу менен жалгыздык коштойбу? Андай болсо эмнеге бул сезимди сүйүү деп атайсыз? Сүйгөн адам төркүнүнө жөнөтпөйт жана башкача мамиле жасайт да. Демек, сизди сүйбөгөн адамды сүйөсүз.
Психологияда "ал менин азап тартышым үчүн баарын жасайт, ал эми мен анын бутунан бекем кучактап, сүйөрүмдү айтып жалынам" деген түшүнүк — көз карандылык деп аталат. Көз карандылык — оору. Аны дарыласа болот, дарылаш керек. Тажрыйбалуу психологго кайрылышыңыз абзел. Ал сизге ички балалык жүрүм-турумуңузду өзгөртүүгө жардам берет. Андан кийин жашооңуз да көрктүү болуп, кубанычка толот.