Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Батыштын көзөмөлүнөн чыгып бара жатканы айтылды

Россия ТИМинин өкүлү Украинанын президенти Батыштын көзөмөлүнөн тыш өзүнүн алкагына чыгып кеткенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Владимир Зеленский "өзүнүн орбитасына" кирип, Батышты опузалай баштады. Мындай пикирин Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Батыш Зеленский көзөмөлүнөн чыгып кеткенин түшүнүп турат. Алар өздөрүнө пайдалуу болгон бардык тараптан үстөмдүк кылып турушкан. Бирок ошол эле учурда ал көзөмөлдөн тыш өзүнүн алкагына чыгып кеткендей. Зеленский Батышты опузалай баштады", — деди Захарова "Россия 24" телеканалына берген маегинде.
Анын айтымында, Батыш буга чейин өз деген адамдардын бардыгын башкарып келгенин, бирок алар да убакыттын өтүшү менен шарт коё баштаганын белгилеген.
Захарова азыр Украинага Батыштан курал-жарак, акча каражаттары керек экенин, анткен менен Батыштын өзү бир топ кыйналып жатканын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Нарышкин Польшадагы ракета окуясы боюнча: Зеленскийден баарын күтсө болот