БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Курултайда делегат Жылдызкан Жолдошеванын парламенттик-президенттик башкарууга кайтуу сунушуна жооп берди.
Анын айтымында, 2010-жылдан кийин өлкөдө үч баштуу бийлик болуп, эч ким жоопкерчилик алган эмес.
"Парламенттик башкарууну да, парламенттик-президенттикти да көрдүм. Экөөндө тең жыргап кеткен жокпуз. Парламент өзүнчө “монстр” болуп алды, өкмөт, президент өзүнчө болуп калды. Эч бир маселе чечпей, бири-бирине түртүп коюп отурушту. Эч ким жоопкерчиликти мойнуна албайт. Тез арада чечилчү маселелер чаң басып жатыптыр, азыр токтомдор бир саатта кабыл алынат. Мурдагы президенттерге дагы ушинтип жоопкерчиликти мойнуна илип койсо, күйүп-бышып иштеп качпайт беле деп ойлойм. Себеби бүт жоопкерчилик мойнуңда болсо, орчундуу маселе болсо күнү-түнү уктабай иштеп, элдин, келечек муундун эсинде кара тамга менен калбайын деп калат экенсиң", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы эл президенттик башкаруунун жемишин беш-алты жылда көрө турганын убадалады.
"Мурунку үч баштуу бийлик бири-бирине түртүп отурган. Президент көшөгө артында башкарат, уурдаган өзү, жооп берген премьер-министр болчу. Ошондуктан 35 премьер алмашып жатпайбы. Анан парламентке шылтап койчу", — деди президент.
Ошондой эле ал кыргыз элин эч бир бийлик алдай албай турганын, кандай президент келбесин уурдаса бир жылга жетпей кууп чыгарын кошумчалады.