Күлүп, мыскылдап отурасыңар, президент жазып жатат. Делегат министрлерди сындады

Делегат аткаминерлер президенттин колуна кол, бутуна бут болбой жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Курултайга Ноокат районунан келген Нурсуналы Ажыкулов министрлер шалаакы болуп жатат деп сындады.
"Урматтуу министрлер, сиздерге айта турган сындар көп. Садыр Нургожоевичтин колуна кол, бутуна бут боло турган сиздерсиңер. Бирок бул жерде бири-бириңиздер менен күлүп, мыскылдап отурасыңар, президент жазып жатат. Бириң да элди ойлогон жоксуңар. Силерди көрүп абдан капа болдум. Курултайдын делегаттары ушундай маселелерди бетке айтышыбыз керек экен. Себеби депутаттар менин адамымды кызматка кой деп эле Садыр Нургожоевичти кыйнайт экен. Аны интернеттен көрүп жатабыз", — деди Ажыкулов.
Делегаттын пикиринде, Транспорт министрлиги акча жегенинен жолдор оңдолбой турат, Коргоо министрлигинин шалаакылыгынан армияда аскерлер өлүп жатат.
Садыр Жапаров: 2-3 жылда бир да эски мектеп калбайт, баарын куруп бүтүрөбүз