Садыр Жапаров: 2-3 жылда бир да эски мектеп калбайт, баарын куруп бүтүрөбүз

Мамлекет башчы социалдык көйгөйлөрдү айтууга убакыт коротпой башка темада сунуштарды берүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкекте Элдик курултайдын экинчи күнү башталды.
Башында сөз алган президент Садыр Жапаров кечээ сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү мектеп, бала бакча, маданият үйлөрүн жана спорт комплекстерди куруу сыяктуу көйгөйлөрдү айтууга убакыт коротпой башка темада сунуш, идеяларды берүүгө чакырды.

"Бүгүн ошол нерселерди кеп кылбай эле башка орчундуу көйгөйлөрдү айтып, анан сунуштарды берсеңиздер. Анткени кайсы айылга мектеп, бала бакча куруш керектигин билебиз. Мен келгенде 247 айылда мектеп жараксыз болчу. Четинен бүтүрүп отуруп 200 мектеп калды. Анын баарын бир жылда эле бүтүрүп салалы десек бюджетибиз көтөрө албайт экен. Кыскасы, эки-үч жылда бир дагы айыл эски мектеп менен калбайт, баарын куруп бүтүрөбүз", — деди Жапаров.

Ошондой эле президент бала бакча, маданият үйлөрү да көңүл чордонунда турганын белгиледи.
Курултайдын биринчи күнү кандай өткөнүнөн да кабардар болуңуз.
Садыр Жапаров: аракеттерибизге карабай коррупциядан арыла албай жатабыз