Москвада "Место встречи Киргизия" коомдук борбору ачылды

Беш кабаттуу имараттын жалпы аянты 27 миң чарчы метрди түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Москванын Новогиреево районундагы мурдагы "Киргизия" кинотеатрынын ордуна көп функционалдуу "Место встречи Киргизия" коомдук борбору ачылды. Бул тууралуу Москвадагы элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, имарат беш кабаттан турат, жалпы аянты 27 миң чарчы метр. Аталган борборду элчи Гүлнара-Клара Самат карап чыккан. Объектинин ээси болуп "Эдисонэнерго" ЖЧКнын башкы директору, "ADG groupe" компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Григорий Печерский саналат.
Россиядагы элчи менен борбордун ээси ал жакта улуттук тамак-аш тартууланчу тамактануучу жайларды жана Кыргызстанда чыгарылган продукция сатылчу соода аянтчаларын жайгаштырууну макулдашты.
Объект ээсинин айтымында, Кыргызстандын маданиятын чагылдырган барельефтик скульптуралар менен оюу-чиймелер сакталып, реставрацияланган.
Бишкек менен Москва Кыргызстанга атомдук станция куруу боюнча келишимге кол койду