Дарыгер кыргызстандыктар кайсы тери ооруларына көп чалдыгарын айтты

Медик адамдардын дээрлик 80 пайызы буттун грибок оорусуна кабыларын айтып, ал башка бирөөнүн бут кийимин, же кыскан, тердеткен сапатсыз бут кийимден пайда болорун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. КММАнын тери-венерология кафедрасынын ассистенти Наби Ахмедов кыргызстандыктар кайсы тери оорулары менен көп кайрыларын айтып, алар кантип жугарын түшүндүрдү.
Дарыгер тизмектеген тери ооруларынын ичинде мите козу карындар (митоз, грибок), трихофития, микроспория (чакалай — ред.) жана котур илдеттери бар. Булардын баары жугуштуу болуп саналат.
"Адамдардын дээрлик 80 пайызы буттун грибок оорусуна кабылышат. Анткени ал тез жугат, оорунун күчтүү белгилери жок болгондуктан адам тери оорусуна кабылганын түшүнбөйт. Өтүшүп кеткенде жагымсыз жыт пайда болуп, тырмактар кыйшайып, териде жара пайда болот. Негизинен башка бирөөнүн бут кийимин кийсе, же кыскан, тердеткен сапатсыз бут кийимден пайда болот, мончо да бул оорунун пайда болушун шартташы мүмкүн", — деген медик.
Ахмедов чакалай мектепте, күрөшкө катышкан балдар арасында көп кездешерин айтып, аны туура эмес дарылаган учурда кыздардыкы өнөкөткө айланып кетерин эскерткен. Ал котур менен ооругандар да көп кайрыларын белгилеп, бул дарт шейшеп, кийим аркылуу жугарын айтты.
"Түнкүсүн аябай кычыштырат. Мында шейшеп, кийимдерди сууга кайнатып жууп, тез айыгууга болот. Бирок бат-бат жуунуп, улам-улам колун самындай берген кишилер теринин аллергиялык дартына көп чалдыгарын окумуштуулар далилдеди. Анткени теридеги табигый микроорганизмдерде адамды башка оорулардан коргоо функциясы бар экен", — деген медик.
Дарыгердин тери оорулары тууралуу маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Радио
Арапбаева: күнгө ашыкча күйүү меланоманын алгачкы белгилерин пайда кылат