Жолдошева курултайда парламенттик-президенттик башкарууга кайтууну сунуштады. Видео

Жолдошева чек ара маселесинде бийликти бекем турууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Элдик курултайга Ош облусунун Кара-Суу районунан делегат болуп шайланып келген экс-депутат, коомдук ишмер Жылдыз Жолдошева президенттик башкаруудан кайра президенттик-парламенттик башкарууга өтүү керектигин айтты.

"Бизге президенттик башкаруу болбойт экен. Башынан кандай кыйынчылык өтсө дагы, кимиси болбосун президенттик тактыга жеткенде ажыдаарга айланат экен. Ошондуктан кайра президенттик-парламенттик башкарууга өтүш керек. Анткени сизден (Садыр Жапаров — ред.) кийин кандай адам келип, өлкөнү кайда алып барат?", — деген Жолдошева.

Ал Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунда "чек араны чечебиз" дегенден бери жерлер тарып кеткенин айтып, бул маселесинде бийликти бекем турууга чакырды.
Ошондой эле ал мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылып, коррупция менен күрөшүүдө депутаттарды коркутпай, өзүнүн командасынан баштоону сунуштаган.
Эске салсак, бул күндөрү Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында I Элдик курултай өтүп, ага өлкөнүн чар тарабынан шайланып келген 1 072 делегат катышууда.
Садыр Жапаров: темирди өзүбүз өндүрүшүбүз керек