Польша Лавровду ЕККУга катыштыруудан баш тартты, ЖККУ өлкөлөрү буга каршы

Мындай чечимге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери каршы чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Польша Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду ЕККУнун жыйынына катыштыруудан баш тартты. Буга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери каршы чыгышты.

"ЕККУнун төрагалыгынын уюмдун Тышкы иштер министрлиги кеңешинин 29-отурумуна Россия ТИМинин делегациясынын катыштыруудан баш тартуу боюнча акылга сыйбас чечимине каршы экенибизди билдирип, тилектештигибизди көрсөтөбүз. Мындай аракеттер уюмдун нормаларын, эрежелерин бузат. Тактап айтканда, ЕККУ ТИМКнын төрагалыгы ага мүчө мамлекеттердин баары макулдашкан позицияларга каршы аракеттерди болтурбоого тийиш, ошол эле учурда ал уюмга мүчө мамлекеттердин баарынын катышуусун камсыздасын деген чечимине каршы келүүдө", — деп айтылат Россия ТИМинин маалыматында.

Министрлер Польша төрагалыгы россиялык делегациянын укугун бузуу менен ЕККУнун алдындагы милдеттерин аткарган жок деп белгилешкен. Ошондой эле ЕККУга кирген бардык өлкөлөргө анын отурумдарына катышуу үчүн тең жана инклюзивдүү шарт каралышын талап кылышкан.
Россия ТИМи Варшаванын бул чечимин акылга сыйгыс жана чагымчыл деп сыпаттаган. Мындан тышкары, Россия парламентарийлерине ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Варшавада 24-26-ноябрда өтө турган күзгү сессиясына виза берилген эмес.
Ачык асман келишиминин бузулушу. АКШнын кесепети кооптуу демилгеси