Спикер Шакиев тез арада Бишкектин 4 районунун аталышын кыргызчалоону сунуштады

Учурда калаадагы райондор Биринчи май, Свердлов, Ленин, Октябрь деп аталат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы төрт райондун аталышын тез арада өзгөртүүнү сунуштады.
Спикер Элдик курултайга келген делегаттардын алдында сүйлөгөн.
"Ар бир кыргыз жараны кыргыз тилин билиши керек. Бул чоң талап болуп, кыргыз менен кыргыз кыргыз тилинде сүйлөшүүгө милдеттүү деген ураан менен жашашыбыз керек. Бөлөк тилди билбөө уят эмес, кыргыз тилин билбөө уят. Өлкөдө дагы деле башка тилдеги жер-суулардын аталыштары бар. Ошонун баарын тез арада кыргызчалашыбыз керек. Алардын бирин, баш калаабыз Бишкектин төрт районун тез арада кыргызчалоо шарт", — деди Шакиев.
Учурда Бишкектин райондору Биринчи май, Свердлов, Ленин, Октябрь деп аталат.
Халмион – Жеңиш, Маргун – Кең-Талаа болду: Баткенде 13 айылдын аталышы өзгөрдү