Садыр Жапаров: темирди өзүбүз өндүрүшүбүз керек

Президент бүгүнкү күндө Кыргызстан темир сатып алууга жылына бир нече миллион доллар жумшаларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда сүйлөп жатып Кыргызстан темирди өзү өндүрүшү керек деп эсептей турганын айтты.
Анын пикирине караганда, ушу тапта темир сатып алууга жылына бир нече миллион доллар жумшап, өлкөдөн бир топ акча чыгып кетип жатат.
"Темир жол курулушуна, ГЭСтерибизди курууга, өлкөдөгү бардык курулуштарга сырттан темир сатып албай, өз кендерибизди пайдаланууну көздөп жатабыз. Себеби бүгүнкү күндө темир сатып алууга жылына бир нече миллион доллар жумшайт экенбиз. Ушундай каражатка өзүбүзгө темир иштете турган заманбап завод куруп алсак өлкөбүздөн ири каражаттын сыртка агып чыгып кетишин токтотуп эле калбастан, темирди экспорттоо менен мамлекетибиздин казынасына олуттуу киреше киргизебиз. Элибиздин жашоо турмушунун тез жакшырышына жол ачабыз", — деди Жапаров.
Ал тарыхта кыргыз эли байыркы замандарда эле темирди мыкты иштеткен эл катары даңазаланганын айтты.
"Каныбызда бар мындай өнөрдү кайра жаратууга эмнеге болбосун!" — деп кошумчалады президент.
Эске салсак, бул күндөрү Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында I Элдик курултай өтүп, ага өлкөнүн чар тарабынан шайланып келген 1 072 делегат катышууда.
Жапаров Нарынды толук камсыздай турчу Куланак ГЭСинин курулушуна капсула салды