БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Клиникалык психолог Денис Долгов "Доктор Питер" басылмасына маек куруп, анда жашоо татаалдап кетпеш үчүн кандай адамдардан оолак болуу керектигин айтты.
Адистер мындай адамдарды нарциссист, психопат жана макиавеллист деп үч топко бөлүшөт. Бул топторго кирген адамдарда боорукерлик, башкалардын пикири менен эсептешүү деген түшүнүк жок. Алар көбүнчө өзүмчүл келип, башкаларга оюн таңуулаганды жакшы көрөт.
Нарциссисттер
Элге ийгиликтүү, жагымдуу адам көрүнүш үчүн болгон аракетин жумшайт. Башка адамдардын келбетине, финансылык абалына өзгөчө көңүл бурат.
Психопаттар
Булар — адамдардын эң агрессивдүү түрү. Абдан таш боор келип, кишинин чоң-кичине, аял-эркегине карабай бир тиет. Нарциссисттер бардыгын тымызын жасаса, булар ачык эле заарын чачып турат.
Макиавеллисттер
Бул типтеги адамдар эки жүздүү жана прагматик болот. Алар үчүн эң негизгиси – эч нерсеге карабай өз максатына жетүү. Бул үчүн алдамчылыкка, уурулукка да бара алышат.
Адис бул адамдардан качып кутулуу мүмкүн болбой калган учурда, мисалы, жакындардын бири ошондой болуп калса, колдон келишинче азыраак байланышуу керектигин айтат. Мындай кишилерди оңдоого аракет кылбай эле койгон оң, бул дээрлик мүмкүн эмес.