Курултай күндөлүгү: мигрант делегат Россиядагы элчини иштен алууну сунуштады

Ахматов президентке кайрылып, элчиге карата дооматтарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Курултайда Россияда жүргөн мигранттардын атынан келген делегат Толкунбай Ахматов Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматты иштен алууну сунуштады.
Ал жыйында отурган президент Садыр Жапаровго кайрылып, элчиге карата дооматтарын айтты.
"Элчи эл менен эмес деп көп айтып келишти. Өзүнүн элин чет мамлекеттин коопсуздук кызматкерлерине берип жатканы кандай. Мындай элчинин иштегенге акысы жок деп ойлойм. Бир-эки маселени айтсак, укук коргоо органдарына арызданып үч-төрт адамды карматып жатат", — деди Ахматов.
Ошондой эле делегат медициналык кароодон өтүү үчүн мекендештерди Сахарово миграциялык борборуна каттатып түйшүккө салбай, Кыргызстандагы филиалын тезирээк ачууну өтүндү.
Садыр Жапаров Кемпир-Абад жана чек ара чырларын чечүү тууралуу пикирин айтты