Элдик курултайдын маани-маңызын ачып берген видео

Бишкекте Элдик курултай өз ишин баштады. Маани-маңызын Sputnik Кыргызстан даярдаган видеодон көрүүгө болот.
Sputnik
Элдик курултайдын макамы "коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын" деп аталат. Ал кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет. 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам боюнча, мыйзам чыгаруу укугуна ээ.
Мындай институт 2010-жылдагы революцияга чейин да болуп келген. Курч маселелер көтөрүлбөй, баары бийликтин сценарийи менен өтүп келгендиктен ал курултайлар кескин сынга кабылчу. Президент Садыр Жапаров "Элдик курултай мурункудай болбой шайланган делегаттар өз сунуштарын ачык айта аларын" белгиледи.
Курултайдын иши азырынча убактылуу жобо менен жөндөлөт. Анын негизинде биз жыйын тууралуу маанилүү фактыларды топтогонбуз.
Курултай эмне үчүн керек, канча киши эмнени талкуулайт? Жол-жобосу