Ак үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыкты. Сүрөт, видео

Парламенттин имаратынан кызматкерлер эвакуацияланган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратынын жер төлөсүндөгү бөлмөлөрдүн биринен өрт чыкканын Sputnik агенттигине ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Парламенттин имаратынан кызматкерлер эвакуацияланган. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр жана милиция кызматкери иштеп жатат. Бул имарат стратегиялык маанидеги объект болгондуктан, ал жакка өрт өчүрүүчү алты автоунаа барган. ӨКМдин маалымат кызматы кырсыктан жабыркагандар жок экенин билдирди.
1 / 2

Парламенттин имаратынан кызматкерлер эвакуацияланган

2 / 2

Жеринде өрт өчүрүүчүлөр жана милиция кызматкери иштеп жатат

Таңда Балыкчыда үй өрттөнүп, 50 жаштагы ээси каза болду