Тузду бир гана ооруп жаткан бейтаптар эмес дени сак адамдар да күнүмдүк тамактануусунан азайтышы зарыл. Бул тууралуу Калтар Саржанова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туздун күнүмдүк нормасы 5-6 граммдан ашпашы шарт.
"Тузу жок тамактын даамы да жок болот. Тузду жакшы көргөн бейтаптардын тамагына туздун ордуна лимон кислотасы, же укроп сыяктуу азыктар кошулуп берилет. Негизи помидор жана бадыраңды да тузсуз жеген сунушталат. Тузду бир гана сыркоологон учурда эмес соо адамдар да азайтышы керек. Туздун күнүмдүк өлчөмү 5-6 граммдан ашпоосу шарт. Майлуу тамактарды да азыраак жегенге аракеттенүү зарыл. Эттин да, балыктын да майы аз болгону ден соолукка пайдалуу. Койдун эти организмге оңой сиңбейт. Ооруканалар бейтапка тамак жасоодо көбүнчө уйдун этин сатып алат. Аны туура сактап, талапка жооп бериши абдан маанилүү", — деди дарыгер.
Ал уктаардан эки саат мурда бир стакан сүт ичип коюу организмге пайдалуу экенин кошумчалады.